Тышкы карыздан кутулуу үчүн 31 миллион сом топтолду
RU

Тышкы карыздан кутулуу үчүн 31 миллион сом топтолду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттин тышкы карызын төлөө үчүн ачылган депозиттик эсепте 31 миллион сом бар. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Аталган эсепке жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттары түшөт. 2023-жылдын 20-февралына карата бул эсепке 31 млн 532,87 сом топтологон",-деп айтылат маалыматта.

Бул эсеп качан ачылганы белгисиз. Маалыматта өкмөттүн 2021-жылдын 4-мартындагы токтомуна ылайык ачылганы гана айтылган. Ага чейин, 2020-жылдын ноябрь айында Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен депазиттик эсеп пайда болгон.

Соңку маалыматтар боюнча (өткөн жылдын ноябрь айына карата), өлкөнүн тышкы карызы 4,3 млрд долларды түзөт.

Бул биринчи жолу ачылып жаткан депозиттик эсеп эмес. 2007-жылдан 2012-жылга чейин каражат топтолуп (чет элдик валюта жана сом менен), жалпысынан 3,3 миң доллар жана 800 миң сом түшкөн.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10449