Строкова катчы Галина Байтеректи кадр маселелерине кийлигиштирбөөнү президенттен суранды
RU

Строкова катчы Галина Байтеректи кадр маселелерине кийлигиштирбөөнү президенттен суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Евгения Строкова президент Садыр Жапаровго кайрылып, кадр маселелерин чечүүдө Галина Байтеректи кийлигиштирбөөнү суранды. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-мартта парламенттин жыйыны учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы Кыргызстандагы "Советская Киргизия" учурдагы "Слово Кыргызстана" биринчи орус тилдүү гезитине 100 жыл толот.

"Бул гезитке Слащева Тамара Михайловна келгенге чейин ар дайым суроо талап жогору болчу. Учурда гезит үй-бүлөлүк, кландык мекемеге айланып, ичиндеги моралдык климаты бузулган. Гезит маалыматтык жактан да экономикалык жактан да начарлаган. Мамлекет тараптан көрсөтүлгөн тынымсыз материалдык колдоо жана гранттарга карабастан 4 млн сомдук карызы менен банкрот болду.

Гезиттин коммерциялык директору Бралчиева башкы редактордун милдетин аткаруучу Аскерованы майыптыкка жеткиче сабап салган", - деди депутат.

Строкованын айтымында, журналисттер бир нече айдан бери айлык ала элек. Ошол эле учурда Слащеванын жакындары, анын ичинде кызы, 1 миң доллар алышат.

Строкова Садыр Жапаровго кайрылып, пресс-катчы Гаина Байтеректи кадр маселесине кийлигиштирбөөнү суранды.

"Бизде шопур мамлекетти башкарып, бардык маселелерди чечип калган тажрыйба деле болгон. Сиздин атыңызды жамынып, катчы маселе чечип калган деңгээлге жеткирбеңиз. Слащевага кылмыш иши козголгонуна карабастан Байтерек аны мурунку кызматына кайра алып келди", - деди депутат.

Ал фискалдык жана укуккоргоочу органдардан гезитте болуп жаткан жаңжалды көзөмөлгө алуусун суранды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1050