"Слово Кыргызстана" гезитиндеги мушташ. Кифаят Аскерованын версиясы
RU

"Слово Кыргызстана" гезитиндеги мушташ. Кифаят Аскерованын версиясы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Гезиттин коммерциялык директору Уматкуль Бралкеева менен мушташкандан кийин Кифаят Аскерова Kаktus.media'га өзүнүн версиясын айтып берди.

Белгилей кетек, коллективдин бир бөлүгү Аскерованы баш редактордун милдетин аткаруучу деп эсептебейт, ал жөн гана баш редактордун биринчи орун басары, деп кабыл алышат.

Аскерованын айтымында, кечээ, 23-февралда, ал жаракат алуу фактысы боюнча материалдын жарыяланышына каршы болчу. "Менин бир тууганым мурда күнү кардиологияга түшүп калган, ал капельница алып жаткан болчу. Менин абалымды билип, абалы ого бетер курчуйбу деп корктум. Бирок баары бир публикация чыккан соң, байкем социалдык тармактардан бардыгын билип калыптыр, мага телефон чалды", - деди Аскерова.

Анын пикири боюнча, Бралкеева "бардыгын теңиринен-тескери айтып, Аскерованы айыптуу кылып көрсөтүүгө аракет кылган".

"Чындыгында, мен жөн гана коргонуп жаттым. Ал мени жок кылам деп кыйкырды. Редактордун кызматынан баш тартуумду талап кылды. Анткени Тамара Слащева экөө (мурунку баш редактор) редакцияда кандайдыр бир схемаларды ишке ашырышчу. Натыйжада, декабрь айына очойгон карыз үйүлүп калган. Коллективдин бир бөлүгү Новиковдун атына кайрылуу жазышкан. Бир күндөн кийин Слащева кызматынан алынып, Курманбек Мамбектов дайындалды. Слащева редактор болуп турган чакта мен директордун - басма үйүнүн баш редакторунун орун басары болчумун", - деп Аскерова айтып берди.

Слащева кызматынан кеткенден кийин Мамбетов аны өзүнүн биринчи орун басары кылып бекиткен.

"Гезиттин чыгарылышы толугу менен менин мойнумда болчу. Эки ай ишимди аткардым. Коллективдин бир бөлүгү бардыгы мурункудай калуусун каалаган. Алар болушунча бут тосууларды жасашты, бир жылда чогулган эс алууларын бир учурда алышты. Ушул биринчи күнү эмгек эргүүсүнө арыз жазышкан. Ошого карабай гезитти чыгарып жаттык. Болгону эки корректор, комьютердик терүүнун оператору, верстальщик мен жана үч журналист эле калганбыз. Биз гезитти жасап жаттык", - деп айтып берди.

Аскерованын малыматы боюнча, 12-февралда Эсеп палатасынын аудиторлору келип, текшерүү башталган. "Алар каза баштаганда, бардыгы сыртка чыгып калды. Бизди бирден чакырып суракка алышты. Билгендерибизди айтып бердик. Бул Бралкееванын жинин келтирди, анткени анын былыктары чыга баштады. Жаңжалдын чыгуусуна өткөн жумада алынып келинген жарнамалык текст болду. Башкача айтканда, акча төлөнүүчү материал. Аны "Кыргыз Туусу" гезитинин кызматкери алып келип, редакцияга акчасын төлөптүр. Мен башкы бухгалтерге пайыздарын төлөп бер, деп тапшырма бергем. Бралкеева ал материалды өзү алып келген аттуу кылып, пайыздарды алып калууга аракет кылган", - деди Аскерова.

"Кечээ дем алыш күн болчу. Бирок мен түштөн кийин редакцияга келгем, анткени, мен жогоруда айткандай, редакцияда бир нече кызматкер калган. Номердин чыгышын үзгүлтүккө учуратпоо менин мойнумда. Кабинетиме келип, иштеп отургам. Бралкеева өзүнүн кабинетинде экенин билген эмесмин. Биз дем алыш күндөрү редакциянын эшигин бекитип алабыз. Бир нече убакыттан кийин бирөө такылдатты. Мен ким бул деп сураганымда Бралкеева менин редакцияда жүргөнүмдү билип, өз кабинетинен чыккан. Мен кайра кабинетиме кирип иштеп баштагам, ал артыман кирип келип, мени бетке муштады. Столдун үстүндө турган компьютерди жерге ыргытып, мени жыгып, тепкилеп кирген. Ал көбүнчө башка-көзгө койгулап жатты, терезедеги гүлдөрдү алып горшок, топурагы менен башыма ыргытты. Мен коргонуу максатында каршылык көрсөттүм", - деп Аскерова баса белгиледи.

Каршылык көрсөтпөсөм ал мени өлтүрүп салмак. "Мен сени өлтүрөм, эч ким укпайт дагы, деп кайталап жатты. Эшик бек болчу. Алышып жатып, коридорго чыктык. Колумда телефон бар болчу. Бир колум менен 102 кызматына чалууга аракет кылып, экинчи колум менен коргонуп жаттым. Ызы-чууну уккан коопсуздук кызматкерлери милицияны чакыртышты. Андан кийин ыкчам тобу келип, эшикти сындырып кирди. Мени тез жардам менен 4-ооруканага (Бишкектин травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору БТОИИБ) алып кетишкен. Азыр текшерүүдөн өтүп жатам. Дагы МРТдан өтсөм, башым менен мойнум эмне болгону белгилүү болот", - деп сөзүн жыйынтыктады.

БТОИИБнин басма сөз кызматы Кифаят Аскерова госпитализацияланганын тастыктады. "Ал травма алып бизге кайрылды. Диагноз: баш мээси чайкалган, баш-мээсинин жабык травма алуусу бар", - деп айтышты

Эске салсак, кечээ 23-февралда, болжол менен саат 16:30да милицияга "Слово Кыргызстана" гезитинде, аялдардын ортосунда конфликт болуп жатат, деген билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерден Кифаят Аскерова Уматкуль Бралкеевага карата чара көрүүнү суранып кайрылган. Анын айтымында Бралкеева аны сабап салган.

Бралкеева да өз кезегинде аны Аскерова сабады, деп арыз жазды. Бул фактылар Биринчи май райондук ИИБде катталып, "Майда зөөкүрдүк" беренеси боюнча сотко чейинки иш башталган.

Жаракаттардын деңгээлин билүү үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Бул экспертизанын негизинде юридикалык баа берилет, деп милициядан билдиришкен.

Маалымат үчүн

Кифаят Аскерова Курманбек Мамбетов кеткенден кийин башкы редактордун милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Ага чейин ал редактордун биринчи орун басары болуп келген. Белгилей кетсек, гезиттин жамааты да эки жаатка бөлүнгөн. Бир тарабы мурунку редактор Тамара Слащеваны колдойт жана Жанна Каримовага байланышкан басылмага каршы чыгат. Айрым кызматкерлердин айтымында ал аркылуу басылмада акча төлөнгөн материалдар жайгаштырылып келген.

Экинчи тараптагылар Тамара Слащевага жана редакцияда иштеген айрым кызматкерлерге каршы. Редакциядагы конфликт бир нече айдан бери созулуп келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/783