Комитет билим берүү министри кызматына Иманалиевдин талапкерлигин жактырды
RU

Комитет билим берүү министри кызматына Иманалиевдин талапкерлигин жактырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети бүгүн, 27-февралдагы жыйынында билим берүү жана илим министрлиги кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду.

Ал эми Каныбек Иманалиев билим берүү тармагын реформалоо боюнча концепцияны бир айдын ичинде толук даярдап, парламентке алып келерин айтты.

24-февралда билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Каныбек Иманалиев буга чейин Жогорку Кеңештин төрт чакырылышына депутат болгон. Кесиби боюнча журналист.

Президент Садыр Жапаровдун саясатынын сындап жүргөн саясатчы катары белгилүү. 2021-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10536