Кадамжайдагы 14 жашар кыздын өлүмү боюнча айыпталгандарга сот өкүм чыгарды
RU

Кадамжайдагы 14 жашар кыздын өлүмү боюнча айыпталгандарга сот өкүм чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кадамжайдагы 14 жашар кыздын зордукталып, өлтүрүлүшү боюнча айыпталгандарга сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Баткен облустук соту билдирди.

Белгилүү болгондой, сот отуруму 28-февралда өткөн. Анда айыпталуучу 1995-жылы туулган Г.Д. 165-берене ("Адам өлтүрүү"), 154-берене ("Зордуктоо"), 155-берене ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер"), 122-берене ("Адам өлтүрүү") жана 180-берене ("Кылмыш жасоого жашы жете электи тартуу") боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратылды.

Ал эми кылмыш каттоого алынган учурда 11-класста окуган Б.Э. 122-берене ("Адам өлтүрүү"), 154-берене ("Зордуктоо"), 155-берене ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер") жана 165-берене ("Адам уурдоо") боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылды. Окуучуга сот өкүм чыгарып жатканда 108-берене (жашы жете электиги) эске алынган. Буга ылайык, жаш бала 10 жылдан ашык убакытка кесилбейт.

Эске салсак, 2022-жылдын 4-сентябрында Кадамжай районунда тоннелдин ичинен 14 жаштагы кыздын сөөгү колу байланып, муунтулган абалда табылган. Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалган. Кийинчерээк 11-класстын окуучусу дагы шектүү катары колго түшүрүлгөн.

Кийин эки шектүү тергөө абагында жатканда асынып алышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10584