Депутат: ИИМ чоңдордун балдары же жакындарынын эле зордукталышына реакция кыласыңарбы?
RU

Депутат: ИИМ чоңдордун балдары же жакындарынын эле зордукталышына реакция кыласыңарбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин 2-марттагы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Сокулук районундагы сексуалдык зомбулук фактылары боюнча эки маселени көтөрдү.

Буга чейин Kaktus.kg сайты 13 жаштагы бала менен 9 жаштагы кыздын зордукталганы тууралуу жазган.

Ал Ички иштер министрлигине "Сокулук районунун тергөөчүлөрүнө тергөөнүн сырын сактоону үйрөтүү" өтүнүчү менен кайрылды. Депутат бул иштерде эч кандай жылыш, жыйынтык жок экенине нааразы болду.

"Башкы прокуратуранын прокурордук көзөмөлү каякты карап жатат? Ички иштер министрлиги таасирдүү адамдардын балдары зордукталганда гана реакция кыласыңарбы? Эл ушундай суроону берип жатат. Баланын ата-энеси карып калган, артында эч кимиси жок. Кылмыш-процессуалдык Кодекс, прокуратура арызы жок болсо да сотко чейинки өндүрүштү башташы керек, эмне үчүн алдыга жылбай жатат?",-деди Сурабалдиева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10610