Талас мэриясындагы коррупция: Дагы 3 млн сом зыян толтурулду
RU

Талас мэриясындагы коррупция: Дагы 3 млн сом зыян толтурулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас шаарынын мэриясы менен шаардык кеңешинин кызматкерлери мамлекеттик бюджетке дагы 3 миллион сом кайтарып беришти. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгодой, чиновниктер январь айында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалышкан. Алар муниципалдык менчик башкармалыгында турган жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема түзүшкөн. Натыйжада бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Кылмыш ишинин алкагында айыпталуучулар кошумча 3 миллион сом мамлекеттин кирешесине кайтарды. Буга чейин 5 миллион сом кайтарылган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10659