Прездинттин Чүйдөгү өкүлү алмашты
RU

Прездинттин Чүйдөгү өкүлү алмашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Чүй облусунудагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров бүгүн, 7-мартта кол койду.

Ал эми президенттин аталган облустагы өкүлү болуп Канат Жумагазиев дайындалды.

Жумагазиев 2022-жылдын декабрь айында Нарын ОИИБдин жетекчиси болуп дайындалган. Ага чейин Ысык-Көл ОИИБдин жетекчиси болуп келген.

Белгилесек, 6-мартта Садыр Жапаров жер мунапысын ишке ашыруу боюнча канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевди кызматтан алуу чечимин кабыл алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10726