Сот "Азаттыктын" Маданият министрлигинин чечимине каршы арызын канааттандырган жок
RU

Сот "Азаттыктын" Маданият министрлигинин чечимине каршы арызын канааттандырган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 7-мартта Бишкектин административдик соту "Азаттыктын" Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимине каршы арызын канааттандырган жок.

Бүгүнкү тараптар жарыш сөзүн айтышты. Анда жактоочулар министрликтин чечимин мыйзамсыз деп табууну суранды.Себеби, сайтты бөгөттөөгө негиз болгон видеого байланыштуу министрлик мыйзам бузуу жөнүндө эч кандай негиз келтирген эмес, материал бейтарап берилген.

Ал эми министрликтин өкүлдөрү сайтты бөгөттөгө негиз болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу жөнүндө материал өчүрүлбөй жаткандыктан аны бөгөттөө улантылып жатканын белгилешти. Бул "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамына байланыштуу деп түшүндүрүштү алар.

Министрликтин өкүлдөрү видеодо бейтараптуулук сакталганы менен тажик тараптан берилген маалымат басымдуулук кылган деген жүйөөнү келтиришти.

Буга ылайык, "Азаттык" Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы соттун жогорку инстанцияларына кайрылат.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10741