Президент Сокулуктун акимин кызматтан бошотуп, башкасын дайындады
RU

Президент Сокулуктун акимин кызматтан бошотуп, башкасын дайындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев президенттин жарлыгына ылайык, кызматынан бошотулду. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы бүгүн, 7-мартта кол койду.

Ал эми Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен Сокулук районунун акими болуп Илияз Ташкулов дайындалды.

Ошондой эле Мурадин Тешебаев Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды.

Белгилесек, 6-мартта Садыр Жапаров жер мунапысын ишке ашыруу боюнча канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн жана Сокулук районунун акимин кызматтан алуу чечимин кабыл алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10742