Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты уруп-сабоого айыпталууда
RU

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты уруп-сабоого айыпталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Жалал-Абаддагы мейманканасында иштеген жумушчуну сабаганга айыпталууда. Мындай маалыматты Kaktus.media сайтына күч түзүмдөрүнөн кабарлашты.

Берилген маалыматка караганда, 9-мартта Жалал-Абад ОИИБине 1984-жылы туулган С.С. аттуу жергиликтүү тургун кайрылган. Арыздануучу Жалал-Абадда курулуп жаткан мейманкананын ээси Жеңишбек Токторбаев сабап салганын айткан.

Сабалдым деген жаран ооруканага жаткырылып, бул факты катталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Бирок 13-мартта жабырлануучу тосмо арыз жазды.

Жеңишбек Токторбаев курулушчудан кечирим сурабаганы маалым болду. Алдын ала маалыматка караганда, жумушчуну депутат өзү эмес, анын уулу сабаган.

Белгилей кетсек, 12-мартта депутат Жаныбек Абиров "Золотой дракон" ресторанында орун алган мушташтын катышуучусу болгон. Анда күзөтчү жаракат алып, ооруканага түштү. Бул факты Октябрь РИИБине каттоого алынып, текшерүү иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10883