Жаныбек Абиров катышкан мушташ. Дарыгер жабырлануучунун абалын айтты
RU

Жаныбек Абиров катышкан мушташ. Дарыгер жабырлануучунун абалын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде кардарлар менен ыкчам күзөт кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыккан. Анда чакырууга келген күзөтчү Арген Жекшенов жаракат алып, ооруканага түшкөн. Дарыгер Талант Жапаров Kaktus.media редакциясына бейтаптын акыбалы тууралуу айтып берди.

Айтымында, 1997-жылы туулган А.Ж. ооруканага 12-мартта саат 02:30да түшкөн. Ал "Тез жардам" кызматы менен жеткирилген.

"Бейтапты бир нече адис карады. Баш мээсинен жеңил жаракат алган, мурду сынган, баш мээси чайкалып, жеңил түрдөгү контузия алган. Лор, окулист жана биздин дарыгерлер аны текшерүүдөн өткөрүп, баш мээсинен жеңил жаракат алган деген диагноз коюшту. Бейтаптын бети-башы көгала, абалы туруктуу", - дейт дарыгер.

Эске салсак, 12-март күнү кечинде "Золотой Дракон" ресторанында бир топ кишилер менен мекеменин коопсуздук кызматынын ортосунда уруш чыккан. Социалдык тармактардагы видеодон мушташка катышкандардын арасында депутат Жаныбек Абиров да көрүнгөн.

Жаныбек Абиров катышкан мушташ (20 статей)
Жаныбек Абиров БШКнын чечими боюнча комментарий берди
3 Август 2023, 18:00
"Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбейин дедим". Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү
5 Апрель 2023, 12:11
Жаныбек Абиров муштумун тийгизген жигиттен кечирим сурап, тараптар элдешти. Видео
28 Март 2023, 12:27
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10882