Январь айында Кыргызстан Казакстандан 4 млн. долларга электр энергиясын импорттогон
RU

Январь айында Кыргызстан Казакстандан 4 млн. долларга электр энергиясын импорттогон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын январында Кыргызстан Казакстандан 138,6 млн кВт/саат электр энергиясын импорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.

2022-жылдын январына салыштырмалуу Кыргызстанга электр энергиясы Казакстандан гана эмес, Түркмөнстандан да алынып келингенде импорт 1,5 эсеге аз болчу. Анын жалпы суммасы 4 млн.долларды түзгөн.

Эске салсак, 2022-жылы Кыргызстан эки өлкөдөн 2,8 млрд кВт/саат электр энергиясын 73,5 млн долларга импорттогон. Кыргызстан Түркмөнстандан эң көп электр энергиясын сатып алган - 2,1 млрд кВт/с 59,5 млн долларга алса, Казакстандан өлкө алмашуу жолу менен 220 млн кВт/с жана дагы $14 млн. долларга 472 млн.кВт/саат сатып алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10966