Москвалыктар кыргыз жарандыгын көбүрөөк ала башташты. Арасында чиновниктер, ишкерлер бар
RU

Москвалыктар кыргыз жарандыгын көбүрөөк ала башташты. Арасында чиновниктер, ишкерлер бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москванын тургундары кыргыз паспортторун көбүрөөк ала башташты. Бул тууралуу The Moscow Times гезити Кыргызстандын президентинин өлкөнүн жарандыгына кабыл алуу жөнүндөгү жарлыгына таянуу менен жазды.

Басылманын маалыматына караганда, буга чейин Кыргызстандын жарандыгын алган россиялыктардын жарымына жакыны Москвада жашаган. Калгандары Россия Федерациясынын башка аймактарынан келгендер.

"Ошол эле учурда паспорт алуучулардын аты-жөнү Кыргызстандын түпкү атуулдарына окшошпойт", - деп айтылат макалада.

Кыргызстандын жарандыгын алгандардын арасында Россиянын өкмөтүнүн Жогорку сот инстанцияларындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Михаил Барщевскийдин кызы Наталья Барщевскаянын фамилиясы бар. Анын туулган жылы документтеги датага дал келет.

Басылманын маалыматы боюнча, ишкер Валерий Задориндин болжолдуу уулдары, Александр жана Михаил да Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышкан. Задорин өзү Бишкекте төрөлгөн. Буну "LAWSTONE" Телеграм каналы белгилеген.

Ошондой эле Кыргызстандын паспортун Bitzlato крипто биржасынын негиздөөчүсү Антон Шкуренканын адашы да алган. Февраль айында ал француз тергөөчүлөрүнүн өтүнүчү менен Москвада камакка алынган деп жазган Baza.

"The Moscow Times" гезитиндеги макалада москвалык мурдагы финансист Михаил Жуховицкий да үй-бүлөсү менен бирге Кыргыз Республикасынын жарандыгын алганы айтылат. Жуховицкийдин айтымында, ал россиялык 10го жакын досуна Кыргыз паспортун алууга жардам берген.

Эске салсак, 2022-жылдын 21-сентябрында Россиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Андан кийин миңдеген эркектер өлкөдөн чыгып, Кыргызстан, Түркия, Грузия, Өзбекстан, Казакстан жана Армения башка жакка көчүү үчүн популярдуу жерлерге айланган. Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматына ылайык, 2022-жылы Кыргызстанга Россиянын 446 574 жараны кирген.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11118