Өзгөндө 4 күн мурда активдешкен жер көчкү бир үйдү басып калды
RU

Өзгөндө 4 күн мурда активдешкен жер көчкү бир үйдү басып калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөн районунда Кызыл-Күңгөй тилкесиндеги жер көчкү бир турак үйдү басып калды. Бул туурасында ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 26-мартта саат 07:00дө жер көчкү акырындык менен жылып, айылдын четиндеги турак үйдү, очоккананы басып, мал сарайга 10 метр аралык калды.

Жергиликтүү тургундар үчүн ӨКМ тарабынан 18 чатыр ошол эле аймактын коопсуз тилкесине орнотулган. Азыркы учурда толугу менен шарт түзүү максатында электр жабдууларын орнотуу иши аяктап, таза суу менен камсыздалды.

Ошондой эле "Улуттук Кызыл-Ай" коому тарабынан 2 даана чатыр онотулуп, анда штаб жана медпункт жайгашкан. Азыркы учурда убактылуу жашап жаткан 81 жаранга төшөнчү, гигиеналык каражаттар жана тиричилик буюмдары берилди.

Эске салсак, 22-март күнү саат 05:00 чамасында Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1млн м3 жер көчкү түшкөн. Карл Маркс айылына I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланып, аймактан 195 тургун жеңил оокатары менен коопсуз аймакка көчүрүлгөн болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11145