Өзгөндөгү Карл Маркс айылында өзгөчө кырдаал жарыяланып, 195 адам көчүрүлдү
RU

Өзгөндөгү Карл Маркс айылында өзгөчө кырдаал жарыяланып, 195 адам көчүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзгөн районунда 22-мартта жер көчкү түшүп, 18 турак үйгө коркунуч жаралган. Буга байланыштуу Карл-Маркс айылына I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 18 үйдөгү 195 тургун жеңил үй тиричилик буюмдары менен Куршаб айылына туугандарына көчүрүлдү. Жеринде райондук Өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн офицерлери жана жергиликтүү бийлик тарабынан көчкүнү көзөмөлдөөгө нөөмөт уюштурулган. Жер көчкү акырындан жылып, учурда турак үйлөргө 120 метр калды.

Бүгүнкү күндө абалды өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов көзөмөлдөөдө.

Аталган аймактагы жер көчкү түшү коркунучу 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМнын кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин корутундусу чыгарылып, жашоого кооптуу деп табылган 18 турак үйдүн жашоочуларын көчүрүү керек экендиги эскертилип, сунушталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11064