Бишкекте кызы, баласы менен өлтүрүлгөн келиндин иши. Тергөөдө жетиштүү далилдер бар
RU

Бишкекте кызы, баласы менен өлтүрүлгөн келиндин иши. Тергөөдө жетиштүү далилдер бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин 5-кичи районунда үч адамды өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши тергелип жатат. Бул тууралуу 31-мартта Бишкек ШИИББдин башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары Чынарбек Майлыбеков билдирди.

Анын айтымында, окуянын себептери жана жагдайлары такталды, тергөөдө жетиштүү далилдер бар.

"Бирок тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу, ошондой эле башка тараптардын, балдардын жана туугандарынын кызыкчылыгына таасир этиши мүмкүн деген себептерден улам биз маалыматтарды айта албайбыз. Жыйынтыгы жакынкы аралыкта болот. Акыркы процессуалдык чечим чыгарылат. Ал тууралуу кошумча кабар беребиз", - деди Майлыбеков.

Эске салсак, 16-февраль күнү саат 21:00дөр чамасында Бишкектин 5-кичи районунан үч адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ - аял, кызы жана баласы менен каза болгонун аныкташкан. Эртеси милиция кызматкерлери бул коркунучтуу кылмышка шектүүнү кармашкан.

Кылмышка шектүү катары Баткен облусунун Кадамжай районунун 1986-жылы туулган А.Ч.К. Буга чейин ал УКМКнын 9-кызматында иштеген.

Учурда ал СИЗО-1ге киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11269