Александр Крестининди расмий узатуу аземи июнь айында болот
RU

Александр Крестининди расмий узатуу аземи июнь айында болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Футбол боюнча улуттук курама команданын мурдагы башкы машыктыруучусу Александр Крестининди узатуу расмий аземи ушул жылдын июнь айында болот. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Кыргызстандын футбол союзунан билдиришти.

Кыргызстандын курама командасынын кезектеги машыгуу жыйыны дал ошондо болору белгилүү болду.

Белгилей кетсек, 3-апрелде Александр Крестинин Кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кеткени белгилүү болду. Футболдук команданын башкы машыктыруучу кызматына ким келери азырынча белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11333