Крестинин футбол боюнча улуттук кураманын машыктыруучусу кызматынан кетти
RU

Крестинин футбол боюнча улуттук кураманын машыктыруучусу кызматынан кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз футболдук союзу менен Александр Крестининдин өз ара чечими менен Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу билдирди.

Маалыматка ылайык, Крестининдин Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын башкы машыктыруучу лицензиясы 2023-жылга чейин болчу.

Жасаган эмгектери:

  • 2010-жыл – "Нефтчи" ФКнын башкы машыктыруучусу болуп дайындалып, клуб тарыхта биринчи жолу футбол боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону болгон;
  • 2014 - Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган;
  • 2017-жыл – "Дордой" ФКнын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган, андан кийин клуб Кыргыз Республикасынын төрт жолку чемпиону болгон (2018-жылдан 2021-жылга чейин);
  • 2017, 2018 - "Дордой" ФК Кыргыз Республикасынын Кубогунун жеңүүчүсү;
  • 2018 - FIFA рейтинги 146-орундан 75-орунга чейин;
  • 2019 - Улуттук курама биринчи жолу Азия Кубогуна чыгып, 1/8 финалга чыкты;
  • 2019 – "Данакер" мамлекеттик сыйлыгы;
  • 2019, 2021 - "Дордой" ФК Кыргыз Республикасынын Суперкубогунун жеңүүчүсү;
  • 2022 - Азия кубогу-2023 экинчи жолдомо.

Белгилей кетүүчү жагдай, Крестининдин жетекчилигинин алдында Кыргызстандын улуттук курамасы биринчи жолу Казакстан менен Түркмөнстанды жеңген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11328