Министрлер кабинетинен апта сайын парламентке өкүл келип турат. Мыйзам кабыл алынды
RU

Министрлер кабинетинен апта сайын парламентке өкүл келип турат. Мыйзам кабыл алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары ар жуманын бейшемби күндөрү Министрлер кабинетин парламентке келтире турган мыйзам долбоорун кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси эл өкүлү Улан Бакасов.

Мыйзамга ылайык, эми Министрлер кабинети ар бейшемби күнү Жогорку Кеңештин жыйналышына келип түшкө чейин депутаттардын суроолоруна жооп берет.

"Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин чечими боюнча министрлер кабинетинин төрагасы, анын орун басарлары жана мүчөлөрү, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери мыйзам долбоорлору жана башка маселелер боюнча жыйындарга катышат", - деп долбоордо жазылган.

Мыйзам президент кол койгондон тарта күчүнө кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11416