Си Цзиньпин Зеленский менен сүйлөшүүгө даяр
RU

Си Цзиньпин Зеленский менен сүйлөшүүгө даяр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайдын лидери Си Цзиньпин украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүгө даярдыгын айтты. Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрайымы бейшембиде билдиргенин Рейтер агенттиги маалымдады.

Ушул эле күнү Урсула фон дер Ляйен жана француз президенти Эммануэл Макрон Пекинде Си Цзиньпин менен жолуккан.

Си Цзиньпин Москва менен Киев мүмкүн болушунча тезирээк тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүшөт деп үмүттөнөрүн айтты.

Маалыматка караганда, Кытай жетекчиси сүйлөшүү "ыңгайлуу шартта жана ыңгайлуу убакытта өтөрүн" белгилеген.

Си Цзиньпин мартта орус президенти менен Москвада жолуккандан кийин Зеленский Кытайдын лидери менен кездешүү ниетин билдирип келатат.

21-мартта Кытай жана Россиянын жетекчилери Москвада расмий жолугушкан. Анын жүрүшүндө Украина негизги талкууланган маселелердин арасында болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11425