Кемпир-Абад иши. Сот айрымдарын үй камагына чыгарды
RU

Кемпир-Абад иши. Сот айрымдарын үй камагына чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 12-апрелде Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад боюнча кармалган активист, саясатчылардын бөгөт чарасын карап жатат.

Саат 15:40ка карата сот залынан Кемпир-Абад суу сактыгычын коргоо комитетинин координатору Мамбетжунус Абылов үй камагына чыкты. Ал ден соолугуна байланыштуу 2 айга үй камагына чыгарылганын белгиледи.

Андан кийин сот экс-депутат Асия Сасыкбаеваны 20-июнга чейин үй камагына чыгарды. Ал Кемпир-Абад иши боюнча айыпталуучу бойдон калды.

"Менде белгилүү бир чектөөлөр бар жана интервью бере албайм. Бирок мен өзүмдү күнөөлүү эмесмин деп эсептейм", - деди Сасыкбаева.

Ошондой эле Клара Сооронкулова, БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Улукбек Маматаев, Таалайбек Мадеминов, ооруканада жаткан Чыңгыз Капаров да үй камагына чыкты.

Эске салсак, 2022-жылы 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.

27-октябрда кармалган активисттер соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилип, алардын камактагы мөөнөтү узартылган.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (52 статьи)
Кемпир-Абад иши: Илгиз Шаменовго кошумча айып угузулду
3 Май 2023, 20:31
Кемпир-Абад иши: Эрлан Бекчороев камакта калтырылды
2 Май 2023, 13:06
Активисттердин массалык кармалышы. Айрымдарына дагы эки айып тагылды
26 Апрель 2023, 12:25
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11547