Кемпир-Абад иши. Камакта калтырылган активист, саясатчылардан чырк этме
RU

Кемпир-Абад иши. Камакта калтырылган активист, саясатчылардан чырк этме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жактоочу Канат Хасанов Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, сот тарабынан камактагы мөөнөтү узартылган активисттер менен саясатчылардын сүрөтү менен бөлүштү.

Эске салсак, 17-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту бир нече отурум өткөрүп, анда массалык баш аламандыкка даярдануу боюнча бир катар активисттер менен саясатчылардын баш коргоо чарасын караган.

Жыйынтыгында Марат Баязов, Илгиз Шаменов, Атай Бейшенбек, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Кубаныч Кадыров, Тимур Махмудов, Акыл Айтбаев, Айбек Бузурманкулов, Эрлан Бекчороев, Айданбек Акматов, Али Шабдан камакта калтырылды. Отурумга Рита Карасартова менен Бектура Асановдун жактоочулары келбей калгандыктан, алардын баш коргоо чарасын кароо кийинкиге жылдырылды.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11686