Рита Карасартованы сот дагы эки айга камакта калтырды
RU

Рита Карасартованы сот дагы эки айга камакта калтырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-апрелде Биринчи Май райондук сотунда Рита Карсартованын кезектеги баш коргоо чарасын карап, камакта калтырды. Тагыраагы, соттун чечими менен Карасартова дагы эки айга камакта калтырылды.

Жарым жыл мурда Кемпир-Абад боюнча кармалган аялдардын ичинен жалгыз эле Карасартова камакта калды.

12-апрелде Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандык уюштурууга айыпталган активист, саясатчылардын баш коргоо чарасын карап, айрымдарын үй камагына чыгарган.

СИЗОдон чыккандар:

  • Клара Сооронкулова;
  • Мамбетжунус Абылов;
  • Асия Сасыкбаев;
  • Улукбек Маматаев;
  • Таалайбек Мадеминов;
  • Чыңгыз Капаров (ооруканада);
  • Гүлнара Журабаев.
Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11710