Россельхознадзордон Кыргызстандан сүт, балык азыктарын импорттоо качан жанданарын айтышты
RU

Россельхознадзордон Кыргызстандан сүт, балык азыктарын импорттоо качан жанданарын айтышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россельхознадзордун башчысы Сергей Данкверт Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдинов менен жолугушту. Жолугушуу 24-апрелде Москвада болгонун департаменттин сайтында айтылат.

Маалыматта айтылгандай, алар мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдөгү "системалык боштуктар", мал ылаңдарына эпизоотиялык мониторинг жана Кыргызстандын компетенттүү органдарынын лабораториялык иштерин талкуулашты.

Россельхознадзордун маалыматы боюнча, ведомствонун текшерүүсүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын ветеринардык адистеринин жергиликтүү ишканаларды ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жеткирүүчүлөрүнүн реестрине киргизүүгө жана продукцияны Россияга жөнөтүүгө мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүгө формалдуу мамилеси тастыкталды.

Тактап айтканда, сүт өндүрүүчү ишканаларды текшерүүдө лейкоз, паратуберкулез жана бодо малдын жугуштуу плевропневмониясы боюнча монитроингдик изилдөөлөрдүн жыйынтыгы берилген эмес; шарп ылаңына каршы эмдөөнүн натыйжалуулугун тастыктаган документтер болгон эмес. Чарбаларда колдонулуп жаткан дары-дармектер боюнча ишканалардын маалыматы болгон эмес, өндүрүштү көзөмөлдөө программалары формалдуу түрдө түзүлгөн. Бир катар учурларда кыргызстандык өндүрүүчүлөр фабрикада маркировкасы сакталган чийки сүттүн келип чыкканын тастыктай алышкан эмес.

Ушул эле нерсе Кыргыз Республикасындагы балык өндүрүүчүлөрдү текшерүүнүн жыйынтыгына да тиешелүү. Республиканын аймагы аркылуу чийки заттын ветеринардык күбөлүктөрү жок ташылып келгени аныкталган. Ишканаларга балыктар эч кандай документтери жок жеткирилген, эч кандай маркировкасы да болгон эмес.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сергей Данкверт Кыргыз Республикасында ветеринардык көзөмөлдүн заманбап системасын куруунун жана продукцияга байкоо жүргүзүү үчүн санариптик технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Айтымында, бул соода өнөктөштөргө, анын ичинде Россияга продукциянын коопсуздугунун жана сапатынын кепилдиги болуп калат.

Азык-түлүктүн бардык негизги түрлөрү менен камсыз кылуу шартында Россия Федерациясынын жана ЕАЭБдин мыйзамдарынын талаптары сакталган шартта гана Россия чет элдик продукцияларды сатып алууга даяр экени белгиленген. Кызмат Россиянын рыногун туура тең салмактуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү кармап туруу үчүн иштеп жатат. Ошондуктан ал оригиналдуу, коопсуз жана жогорку сапаттагы импорттук продукцияны гана жеткирүүгө мүмкүндүк берет.

Данкверт Кыргызстандын сүт жана балык продукцияларын Россиянын рыногуна ташуу Россельхознадзордун инспекциясынан кийин ишке ашарын белгиледи. Жакын арада компетенттүү органдардын өкүлдөрү Кыргызстандын эки балык өндүрүүчү компаниясы менен видеотекшерүүнү макулдашууга ниеттенип жатышат. Андан кийин бул тизме сүт өндүрүүчү ишканалар менен толукталышы мүмкүн.

Тараптар Кыргыз Республикасынын адистери республиканын мал чарба продукциясын экспорттоочуларынын тизмесин тактоо жана Кыргызстандан Россияга азык-түлүктөрдү ташууга рейддик көзөмөл орнотуу боюнча макулдашышты.

Самат Насирдинов Россельхознадзордун мамилесинин негизинде республикада ветеринардык көзөмөл системасын өркүндөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Эске салсак, Россия Кыргызстандан сүт, балык жана колбаса азыктарын импорттоону токтоткон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11818