Азимбек Бекназаровдун баласына сот чечим чыгарды
RU

Азимбек Бекназаровдун баласына сот чечим чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи Май райондук соту бүгүн, 25-апрелде Руслан Бекназаровдун ишине чекит койду.

Сотко төрагалык кылган судья Руслан Бекназаровго чечим чыгарды. Ага ылайык, "Террористтик аракеттерге көмөк көрсөтүү" беренеси боюнча акталып, ал эми "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бир жылга пробациялык көзөмөлгө алуу өкүмү чыкты.

Руслан Бекназаров мындай өкүм саясатка байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирди.

Эске салсак, 2022-жылы Руслан Бекназаров Свердлов районунун акиминин орун басары болуп турган кезде "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалып, СИЗО-1ге камакка алынган. Кийинчерээк Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал 12-декабрга чейин үй камагына чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11828