АКШ Конгресси "Азаттыктын" жабылышын айыптады. Бийлик ички иштерге кийлигишпөөгө чакырды
RU

АКШ Конгресси "Азаттыктын" жабылышын айыптады. Бийлик ички иштерге кийлигишпөөгө чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Маккол "Азаттыктын" ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча соттун чечимине карата пикирин айтты. Анын комментарийи аталган комитеттин сайтына жарыяланган.

"Кыргызстандын бийлигинин эркин, көз карандысыз ЖМКларга болгон чектен ашкан кысымын, анын ичинде "Эркин Европа"/"Азаттык" үналгысын жабуу аракетин айыптайм. "Азаттык" калыс, көз карандысыз маалыматтарды жарандарга жеткирет. Эркин басылма укугуна Кыргызстандын Конституциясы кепил берет. Көз карандысыз ЖМКларга болгон цензура кечиримсиз жана мыйзамсыз. Мен кыргыз бийлигин "Азаттык" үналгысын жабуу боюнча соттун чечимин чакыртып алууга жана анын ишмердүүлүгүнө койгон чектөөлөрдү алып салууга чакырам", - деп айтылат кайрылууда.

Ал арада президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев жогорудагы кайрылуу боюнча жооп кайтарды.

Айтымында, АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын жана мамлекеттик департаменттин "Азаттык" боюнча кайрылуусу менен таанышышкан.

"Алар алыс жакта болгондуктанбы, бул жактагы жагдайды жеринен толук билбей, так түшүнбөй билдирүү жасаганы көрүнүп турат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык" чек арадагы окуя боюнча чындыкка дал келбеген маалымат таркатканы үчүн тийиштүү мыйзамдарыбызда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган. Андан соң аталган министрлик сот органдарына кайрылган.

Сот органдары териштирүүлөрдүн жүрүшүндө тиешелүү чечим кабыл алышкан. Сот бийлиги бизде көз карандысыз, чечимди өз алдынча кабыл алат. Алардын ишине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок.

Кыргызстан - ачык-айкын, эркин өлкө. Бизде сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок. Өлкөбүздө ар бир жаран өз пикирин ачык айтууга толук укуктуу жана алар ушул укугун толук кандуу пайдаланышат. Ошондой эле бардык уюмдар дагы ушундай укуктарга ээ. Бир гана шарт, өз ишмердигин мыйзамдарды так сактоо менен алып барышы зарыл.

Андыктан аталган билдирүүлөр орунсуз жана негизсиз деп эсептейбиз жана биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз", - деди Султанбаев.

Эске салсак, "Азаттыктын" айланасында кырдаал 2022-жылдын октябрында курчуп кеткен. 26-октябрда Маданият министрлиги чек арадагы кырдаал боюнча материалдан улам "Азаттыктын" сайтын жабуу чечимин чыгарган. Окуяда тажик тараптын альтернативдүү пикири камтылган. Мекеме муну менен басылма жалган маалымат таратып, согушка үгүттөгөн деп эсептеп, Гүлшат Асылбаеванын мыйзамы деп аталган мыйзамга ылайык, сайтты бөгөттөгөн. Январь айында Маданият министрлиги "Азаттык Медиасынын" Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арыз менен сотко кайрылган.

Медиа коомчулук жана эл аралык укук коргоо уюмдары бул аракеттерди сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй кысым катары баалап, бийликти доо арызын кайтарып алууга чакырышкан. Бирок 27-апрелде сот Маданият министрлигинин доосун канааттандырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12002