Эл аралык уюм: "Азаттыктын" жабылышы - Кыргызстандагы сөз эркиндигине олуттуу сокку
RU

Эл аралык уюм: "Азаттыктын" жабылышы - Кыргызстандагы сөз эркиндигине олуттуу сокку

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эл аралык Amnesty International уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Струтерс "Азаттык Медиасын" жабуу боюнча соттун чечимине комментарий берди.

Ал мындай чечимди Кыргызстандагы сөз эркиндигине олуттуу сокку деп атады.

"Азаттыкты" жабуу - бул бир эле ЖМКга карата цензура актысы эмес. Бул өлкөдөгү сөз эркиндигине олуттуу сокку. Кыргыз бийлиги өлкөдөгү окуяларды сындаган чагылдырууларды токтотуу жана журналисттердин оозун жабуу багытында дагы бир кадам жасады", - деди ал.

Струтерс өз билдирүүсүндө Кыргызстандын Маданият министрлигинин сотко кайрылуусун шылтоо деп атады.

"Кыргыз бийлигинин "Азаттык" радиосу жарыялаган видео жек көрүүчүлүккө үндөйт деген ырастоосу жалган эле эмес, ачык шылтоо. Бийлик көз карандысыз маалымат каражаттарын жабуу үчүн ар кандай шылтоону издеп жаткан. Соттун чечимине карата даттануу болот. Amnesty International уюму өлкө бийлигин "Азаттык" үналгысын толугу менен жабуу боюнча буйрукту жокко чыгарууга, журналисттерди жана бийликти сындагандарды куугунтуктоону жана коркутуп-үркүтүүнү токтотууга, ошондой эле Кыргызстандагы бардык ЖМКды толугу менен сыйлоого, коргоого жана алдыга жылдырууга чакырат", - деди ал.

Эске салсак, "Азаттыктын" айланасында кырдаал 2022-жылдын октябрында курчуп кеткен. 26-октябрда Маданият министрлиги чек арадагы кырдаал боюнча материалдан улам "Азаттыктын" сайтын жабуу чечимин чыгарган. Окуяда тажик тараптын альтернативдүү пикири камтылган. Мекеме муну менен басылма жалган маалымат таратып, согушка үгүттөгөн деп эсептеп, Гүлшат Асылбаеванын мыйзамы деп аталган мыйзамга ылайык, сайтты бөгөттөгөн. Январь айында Маданият министрлиги "Азаттык Медиасынын" Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арыз менен сотко кайрылган.

Медиа коомчулук жана эл аралык укук коргоо уюмдары бул аракеттерди сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй кысым катары баалап, бийликти доо арызын кайтарып алууга чакырышкан. Бирок 27-апрелде сот Маданият министрлигинин доосун канааттандырган.

ЖМКларга болгон кысым (43 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11889