Башкы прокуратура: Турак-жай кооперативдерине 2,5 миңден ашык кылмыш иши козголду
RU

Башкы прокуратура: Турак-жай кооперативдерине 2,5 миңден ашык кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Турак жай-курулуш кооперативдеринин ишмердигинен келтирилген зыян 1 миллиард 300 миллион сомду түздү. Мындай маалыматты 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева билдирди.

Анын айтымында, республикада курулуш тармагында 22 каржы пирамидасы бар.

"2 миң 576 кылмыш иши козголуп, 1 миллиард 300 миллион сомдук зыян келтирилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат", - деди башкы прокурордун орун басары.

Депутат Улугбек Ормонов "Ихсан" кооперативине козголгон кылмыш иштерине кызыкты.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев "Ихсан" боюнча 875 иш козголуп, анын 410у сотко жөнөтүлгөнүн айтты.

"Келтирилген зыян 425 миллион 13 миң сом деп бааланууда. Анын ичинен 61 миллион сому өндүрүлдү. 212 турак жай камакта. 6 миңге жакын адам арыз менен кайрылды", - деди Аширходжаев.

Өз кезегинде юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков Кыргызстанда 6,5 миң кооператив, 5,5 миң коммерциялык кооператив, 1 миңге жакын коммерциялык эмес кооператив катталганын билдирди. "Алардын 162си турак-жай кооперативи, 22сине иш козголгон", - деп кошумчалады ал.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12008