Террорчуну кармоо операциясы: Жаракат алган спецназдын абалы айтылды
RU

Террорчуну кармоо операциясы: Жаракат алган спецназдын абалы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Дмитриевка айылындагы атышууда жаракат алган спецназдын абалы туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жабырлануучу 1991-жылы туулган Э.Т., сол санына ок тийип, Улуттук госпиталга жеткирилген. Дарыгерлер ага алдын ала сол сандын октон жаракат алышы, сол сандын сыныгы диагнозун коюшту.

Жаракат алган спецназга операция жасалды. Бейтаптын операциядан кийинки абалы дарыгерлер тарабынан туруктуу деп бааланууда, тиешелүү дарылоо улантылат.

Белгилесек, 17-майда Дмитриевкада террористти кармоо операциясы жүргүзүлүп, куралдуу каршылык болгон. Окуя тууралуу кеңири маалымат шилтемеде.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12315