Бакиев менен маектешкен Кадыр Кошалиев сынга жооп берди
RU

Бакиев менен маектешкен Кадыр Кошалиев сынга жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кадыр Кошалиев мурдагы качкын президент Курманбек Бакиевдин маеги эфирге чыккандан кийинки айтылган сындарга комментарий берди.

Кошалиевдин айтымында, ал 2022-жылдын ноябрь айынан бери Курултайдын Аксакалдар кеңешин коомдук башталышта жетектеп келет. Кошалиев тележурналист жана 2022-жылдын март айынан бери УТРКда "Кыргыз ааламы" автордук программасын алып барат. Алгач келишим менен иштеп, жакында эле телеканалдын штаттык бирдигине кабыл алынган.

Кошалиев өткөн жылы Москвага Россиядагы кыргызстандыктардын жашоосу тууралуу материал даярдоого чакыруу алган. Ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, экс-лидерлерден интервью алууну чечкен. Телеканалдын директору Кайрат Иманалиев бул маселени кароо керектигин айткан. Элдик Курултайдын депутаты катары Кошалиев сапарын статс-катчы Сүйүнбек Касмамбетов менен макулдашкан. Касмамбетов өз кезегинде, Кошалиев коомдук ишмер жана журналист катары долбоорлоруна өзү жоопту деп жооп кайтарган.

Кошалиевдин айтымында, ал экс-жетекчилер менен бир катар интервьюларды пландаштырган. Ал Бакиевден интервью алуу менен журналистиканын мыйзамдарын, принциптерин бузган жок деп эсептейт.

"Ар кандай себептерден улам УТРКда экс-жетекчилердин интервьюларын чыгаруу кийинкиге жылдырылды. Интервью YouTube платформасына чыкты, мен муну трагедия деп эсептебейм. Болгону Акаевдин интервьюсуна караганда Бакиевдин маеги биринчи чыкканы үчүн бул интервьюлар биздин коомдо талкуу жаратты",-деп жазды Кошалиев.

Эске салсак, Кадыр Кошалиев "Кыргыз жолу" коомдук уюмунун төрагасы, Элдик Курултайдын идеясынын авторлорунун бири жана Конституцияны иштеп чыгууга активдүү катышкан. Жакында анын Курманбек Бакиев менен болгон маеги YouTube каналга жарыяланды. Интервью резонанс жаратып, мамлекеттик каналдын жана Кадыр Кошалиевдин өзүнө карата сындарды жаратты. Бирок телеканал интервью жетекчилик менен макулдашылган эмес деп билдирди. Ал эми Эдил Байсалов журналист өз каалоосу боюнча респонденттерден интервью алууга укуктуу, ал эми Курманбек Бакиев да сөз сүйлөөгө укуктуу деп эсептеди.

Курманбек Бакиев сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылып, расмий издөөдө жүргөн. Учурда Минск шаарында жашайт. Республиканын мурдагы жетекчилеринин Дубайдагы жолугушуусуна чакырылганына караганда, качкын президент азыркы бийлик менен байланышта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12356