Султанбеков: Кошалиев Бакиевдин учурунда журналист кесиптештери өлтүрүлгөнүн унутпасын
RU

Султанбеков: Кошалиев Бакиевдин учурунда журналист кесиптештери өлтүрүлгөнүн унутпасын

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социал-демократтар фракциясынын лидери Темирлан Султанбеков Элдик Курултайдын төрагасы жана УТРКнын журналисти Кадыр Кошалиевдин качкын президент Курманбек Бакиев менен болгон маегине комментарий берди.

Ал Кошалиевге набыт болгондордун арасында анын кесиптештери – журналисттер да бар экенин эскертти.

"Элдик Курултайдын жетекчиси, УТРКнын кызматкери Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден интервью алып, өзүн да мактап жатканынын өзү эле таң калдырат... Бул УТРКнын жетекчилигинин расмий позициясыбы?", - деди Султанбеков ачууланып.

"Бул кандуу Бакиевдердин кланынын колунан каза болгон эки жүзгө жакын кыргызстандыктарды (анын ичинде акыркы жылдардагы алган жаракатынан каза болгондор да) шылдыңдоо болуп саналат! Интервьюнун өзү жалган жана өзүн-өзү актоого толгон", - деп жазды ал.

Ал Бакиевдин бир сом уурдаган эмесмин деген сөздөрүн мисал катары келтирди. Ошондой эле Султанбеков Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчисинин орун басары болуп туруп, батирим да жок болчу деп калп айып жатканын мисал кылды.

"Анан кантип анын үй-бүлөсү менен Минскиде, Лондондо жана башка шаарларда капыстан сарайлар, мейманканалар, жада калса футбол клубдары пайда боло калды? Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн каржы кеңешчиси Евгений Гуревич апрель ыңкылабынын күндөрүндө эле Бакиевдердин кланы Социалдык фонддон 2 миллиард сом чыгарып кеткенин айтып жатат.", - деп таң калды саясатчы.

Султанбеков Бакиевдей адам чындыкты айтууга кудурети жетпейт деп эсептейт жана эл анын шылтоолоруна ишенбейт деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12360