Социалдык тармакта экзамендерге акча чогултуу боюнча билдирүү пайда болду. Мэриянын жообу
RU

Социалдык тармакта экзамендерге акча чогултуу боюнча билдирүү пайда болду. Мэриянын жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы №19 орто мектепте экзамендик сынак тапшыруу үчүн акча чогултулуп жаткандыгы боюнча түшүндүрмө берди.

Жооп толук, өзгөртүүсүз берилди:

"Бул кайрылуу Биринчи Май райондук билим берүү борборунун катышуусунда каралып, мектеп директорунан жана №19 орто мектептин бүтүрүүчү класстарынын класс жетекчилеринен да түшүнүк кат алынды.

Кароонун жыйынтыгы менен 2023-жылдын 11-майында мектепте бүтүрүү класстарынын класс жетекчилери менен өндүрүштүк кеңешме өткөрүлүп, протоколго ылайык төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

  • экзамен үчүн ата-энелерден акча өндүрүүгө жол берилбейт;
  • экзаменге керектүү канцелярдык буюмдар менен баланы камсыз кылуу керектиги жөнүндө маалыматты ата-энелерге туура жеткирүү (көк калем, циркуль, карандаш, резина, дептер жана сызгыч)

Белгилей кетсек, класс жетекчилер акча чогултууга тыюу салуу чечими менен таанышып, тыюу чечимине кол коюп беришкен. Буга ылайык, мугалимдер жана мектеп администрациясы каражат чогулткан эмес. Ал эми басылмада көрсөтүлгөн акча каражаты 11"Б" -класстын 10 ата-энесинин өз демилгеси менен чогулган. Муну класс жетекчи билген эмес.

Алынган маалыматтарга байланыштуу мектептин директору Г.А.Курманбаевага мектептин ата-энелер жамааты жана педагогикалык жамааты менен кайрадан түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле 2023-жылдын 13-майы жана ата-энелерден акча чогултууга, анын ичинде экзамендерге, белектерге, атүгүл өз демилгеси менен да алууга жол берилбестиги тууралуу бүтүрүүчү класстардын жалпы мектептик ата-энелер чогулушун өткөрүү тапшырмасы берилди.

Урматтуу ата-энелер! Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын "Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюму жана Билим берүү жана илим министрлигинин буйргуна таянып, "Акыркы коңгуроо" иш-чарасына акча чогултууга тыюу сатылганын эскертет.

"Ата-энелердин демилгеси менен жамааттык фотосүрөттөрдү уюштурууну, ленталарды, бантиктерди, гүлдөрдү жана башкаларды жеке негизде, ар бир ата-эненин жеке демилгеси жана каалоосу боюнча сатып алууну суранабыз", - деп айтылат кайрылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12244