Депутат ЖМК тууралуу мыйзам долбоору боюнча: "Кыргызстанда сөз эркиндиги жетиштүү"
RU

Депутат ЖМК тууралуу мыйзам долбоору боюнча: "Кыргызстанда сөз эркиндиги жетиштүү"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Негативдүү кабарлардан улам элибиз жылмайганын токтотту" дейт Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов. Ал мындай пикирин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын жыйынында ЖМКлар боюнча жаңы мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтты

Айтымында, "жаман кабар кыргызстандыктардын келечек муунуна терс таасирин тийгизет".

"Элибиз жылмайганды, күлгөндү токтотту. Мурда андай эмес болчу. Негизи социалдык тармактарда терс маалыматтар тез тарап жатат. Бул жашоодон бат эле өтүп кетебиз. Келечек муунга туура үлгү көрсөтүшүбүз керек. Кантип бирөө тонолгон, өлтүрүлгөн жана башка ушул сыяктуу маалыматтарды көп окуйбуз. Ошондуктан, урматтуу журналисттер, сиздер биригип, бул маселени чечишиңиздер керек", - деди парламентарий.

Андан тышкары Осмонов "көп маалымат каражаттары сөз эркиндигинен аша чаап баратат" деп эсептейт.

"Бизде сөз эркиндиги бузулуп жатат. Билип, билбей маалымат таратышат. Баары терс нерселер. Ушул эле нерсени Өзбекстанда чыгарып көргүлөчү... Бардык нерседе тартип болуш керек. Мамлекетке таза кызмат кылган адамдарды ууру көрсөтүп жатышат. Ал эми уурулардан баатырларды жасашат. Кыргызстанда сөз эркиндиги жетиштүү. Эркиндиктин чегинен чыгып кеткендерди токтотуу керек", - дейт эл өкүлү.

Эске салсак, Осмонов кыргыз алфавитин эки тамга менен толуктоо сунушу менен белгилүү болгон. Жогорку Кеңештин 19-апрелдеги жыйынында "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатканда ал "ава" деген сөз негизинен Ысык-Көл жана Баткен облустарында колдонуларын белгилеген.

"Мисалы, мен сүйлөп жатканда "Садыр ава" же "Султанбай ава" дейм. Кантип жазайын: "ава" же "аба"? Алфавитке "W" тамгасын кошууну сунуштайм. Китеп жазууда кыйынчылыктар болот", - деген Осмонов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12539