Жапаров: Жемкорлук кылгандар акчаны 10 эселеп кайтармайынча түрмөдөн чыкпайт
RU

Жапаров: Жемкорлук кылгандар акчаны 10 эселеп кайтармайынча түрмөдөн чыкпайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тамчыга жаңы салынган эки аялдама боюнча Садыр Жапаров пикирин айтты. Өлкө башчы аялдаманы алгач көргөндө даараткана деп ойлогонун билдирди.

"Тамчынын аэропортунан чыгып келе жатсам жолдун жээгинде, кечиресиздер орой сүйлөсөм, даараткана турат. Тагыраагы, даараткана сыяктуу аялдама турат. Токтогон жокмун, бирок телефон чалып: "Жакында эле жок эле, муну ким курду, кайсы акчага, канча сомго курду? десем Башкы прокуратура бир аптадан кийин маалымат берди. Айыл өкмөт 840 миң сомго куруптур, Кумтөрдөн фондго түшкөн акчанын эсебинен жасалыптыр. Мен ошону 40 миң сомго да курбайт элем, 20 миң сомго эле курмакмын. Мына бүгүн эки эселеп акчаны кайтарып жатат. Ал эми өзүм замандын талабына ылайык келген жаңы аялдамалардын долбоорун жасаттым, 328 миң сом болот экен. Эми 5 күндөн кийин ошол аялдаманы көрөсүздөр. Анан мурункусу менен салыштырып көрүңүздөр", - дейт ал.

Президент 30 жылдан бери ушинтип "жеп" келгендиктен мамлекет өнүкпөй келет деп белгиледи.

"Бирдеме курса деле 5-10 жылдан кийин кулап калат же аялдамалар сыяктуу жараксыз болуп калат. Ушундай эле мисал Таласта да болду. Балдар аянтчасын курдук деп 4,8 млн сомду ошол жерге "көмүп" салыптыр. Алар да камалып, азыр эки, үч эселеп төгүп жатат. Айткым келгени аким, мэр, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, министрлерге, дегеле өкмөттүк кызматкерлерге эскертүү. Мурдагыдай болбойт, баарын текшерип көрүп коёбуз.

Мыйзамдарга өзгөртүү киргизебиз, азыркы мыйзамда короткон же уурдаган акчаны эки эселеп кайтарасың деген деген эле нормалар бар. Эми биз уурдалган, коротулган акчаны 5-10 эселеп кайтармайынча түрмөдөн чыгарбайбыз деген норманы киргизели деп жатабыз.

Болбосо "акчаны кайтарып койсом чыгып кетет турбаймынбы" деген көндүм адат болуп калат экен", - деп баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12658