Тамчыдагы 840 миң сомго салынган аялдамалар: 351 миң сомго жаңылары курулду
RU

Тамчыдагы 840 миң сомго салынган аялдамалар: 351 миң сомго жаңылары курулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдөгү "Тамчы" аэропортунун маңдайындагы президенттин нааразылыгын жараткан эки аялдаманын ордуна жаңысы курулду. Бул тууралуу президент өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жазды.

"Мындан эки ай мурда Тамчы аэропортуна конуп, Чолпон-Ата шаарын көздөй бет алдык. Аэропорттон чыгып бурула берген жерде даараткана сыяктуу аялдама көзгө урунду. Дароо эле Башкы прокурорго телефон чалып: "Ким салды, кайсы акчага салды, канчага салды текшерип, мага билдириңиз",- дедим. Текшерип бүтүп, 840 миң сом коротулганын, "Кумтөрдөн" облуска бөлүнгөн акча экенин, айыл өкмөт курганын айтты.

Албетте, акча жегендер камалды. Уурдагандарын эки эселеп кайтарып жатышат.

Эми караңыздар, төмөндөгү аялдаманы 351 миң сомго куруп койдук. Болгону 351 миң сом акча кетет экен. Айырмасын караңыздар, тегерегинин баары айнек менен тосулган. Түнкүсүн күйүп- жанып турат. Көрүнүшү да жакшы. 15-20 жыл былк этпей турат", - деп жазган мамлекет башчы.

Эске салсак, май айында аялдамаларды 844 миң 100 сомго курдурган деп Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы, Ысык-Көл районун өнүктүрүү фондунун директору кармалган болчу.

Аткаминерлерге Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" менен кылмыш иши козголгон.

Садыр Жапаров Ысык-Көлгө барганда бул аялдамаларды көрүп, сынга алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12872