Футбол: Кыргызстан менен болгон оюнда Афганистан техникалык жеңилүү ызасын тартты
RU

Футбол: Кыргызстан менен болгон оюнда Афганистан техникалык жеңилүү ызасын тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Афганистандын футбол боюнча курама командасы Кыргызстандын курама командасы менен болгон беттеште болгон окуя үчүн техникалык жеңилүү ызасын тартты. Белгилей кетсек, беттеш Бишкекте, Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо 10-июнда өткөн.

Кыргызстандын футбол союзунан билдиришкендей, мындай чечим Борбордук Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) аткаруу комитетинин чукул жыйынында кабыл алынды.

Анда 6.5-берененин бузулушуна карабастан, мелдештин эрежесине ылайык, Афганистандын командасына CAFA Nations Cup 2023 турнирине катышууну улантууга уруксат берилди.

Эске салсак, Афганистан курама командасы кошумча убакытта өткөрүп жиберген голунан кийин финалдык ышкырык жаңыра электе футбол талаасынан кетип калышкан. Анткени Афганистандын машыктыруучусу гол киргизүү учурунда кыргызстандык футболчулар кол менен ойноду деп эсептеген. Мында улам, ал өз оюнчуларын оюн талаасынан алып кетип калган.

Аткаруу комитети ошондой эле оюнду жараксыз деп таап, Кыргызстандын курама командасы 3:0 эсебинде жеңүүчү деп табылсын деген чечимге келген. Мындай чечим Афган курама командасынын оюнчулары убакыт бүтө электе футбол аянтынан кетип, оюн талаасында оюнчулардын саны жетиге жетпегени үчүн кабыл алынган.

"Афганистан курама командасынын башкы машыктыруучусу Абдулла Альмутаири мырзанын жүрүм-туруму CAFAнын дисциплинардык комитетине кароо жана андан аркы санкцияларды колдонуу үчүн берилиши керек", - деп белгиленет маалыматта.

Эске салсак, Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Борбордук Азия футбол ассоциациясынын Улуттар Кубогунун тайпалык оюндары өтүүдө. Эми Афганистан курама командасы Иран менен ойносо, 16-июнда Кыргызстан Иран менен беттешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12899