Али Токтакунов Нарматованын сотко берем деген коркунучу тууралуу: Өзүн сотко берсин
RU

Али Токтакунов Нарматованын сотко берем деген коркунучу тууралуу: Өзүн сотко берсин

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

MediaHub иликтөө долбоорунун жетекчиси Али Токтакунов Kaktus.media сайтына депутат Надира Нарматованын журналист Асел Шамилованы сотко берем деген билдирүүсүнө комментарий берди.

Анын айтымында, Нарматова өзүн сотко бериши керек, анткени команда мыйзам бузуулар болгонун далилдеген.

"Өзүнө таарынсын. Биз буга чейин өзү айткандары тууралуу гана айтып бердик. Стандарт боюнча иштеп, фактчек кылдык, маалыматтарды текшердик, сот аркылуу чындыгыбызды далилдегенге даярбыз", - деди Токтакунов.

Токтакунов кошумчалагандай, журналист Асел Шамилова өзү да Нарматованын билдирүүсүн сабырдуулук менен кабыл алган.

"Муну ийгилик деп да атоого болот. Сот анын тарабында болбойт деп ойлойм. Себеби, бизде бардык далилдер бар", - деди ал.

Коррупцияларды ачыктаган материалдарды алдыда дагы даярдайбыз

Эске салсак, материалда журналисттер депутаттын өмүр таржымалы жана эмгек жолу тууралуу сөз кылышкан. Анда Нарматова 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен аттанып, коррупцияга айыпталып, бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар экени жана муну мойнуна алган маалыматтар бар.

Кыргызстанда коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү талкууланууда. Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири депутат Надира Нарматова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12946