Урмат Самаевдин жакыны делинген экс-депутаттын иши Токмок шаардык сотуна өттү
RU

Урмат Самаевдин жакыны делинген экс-депутаттын иши Токмок шаардык сотуна өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмок шаардык кеңештин экс-депутаты Кайрат Чокеевге козголгон кылмыш иштин материалдары Аламүдүн сотунан Токмок шаардык сотуна өттү. Маалыматты Kaktus.media сайтына Чүй облустук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, 10-майда Аламүдүн райондук соту Чокеевдин иш материалдарын аймагы боюнча кароо үчүн Токмок шаардык сотуна жөнөткөн.

Белгилесек, Токмоктун мэри Урмат Самаевдин жакыны делинген Кайрат Чокеев 9-мартта кармалган. Ал "Яндекс.Такси" - "Салтанат Кей Джинин" өкүлүн коркутканга шектелген. Чокеевге "Бейбаштык" беренеси боюнча иш козголуп, кылмыш ишти Аламүдүн РИИБи тергеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12986