Шопоковдогу нефтебазадан чыккан өрттөн кандай зыян келтирилгени айтылды
RU

Шопоковдогу нефтебазадан чыккан өрттөн кандай зыян келтирилгени айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Шопоков шаарында темир жол бекетине жакын жайгашкан нефтебазадан чыккан өрттөн кандай зыян келтирилгени белгилүү болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен

билдиришкендей, 6 цистерна, 2 бензовоз жана 4 унаа күйдү. Андан тышкары 4 адам жабыркады.

Белгилесек, 20-июнда нефтебазадан өрт чыгып, жалпы 13 күжүрмөн эсеп тартылган. Өрт саат 19:22де толугу менен өчүрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13005