Россия Кыргызстандан балык жана сүт азыктарын ташууга коюлган чектөөнү алды
RU

Россия Кыргызстандан балык жана сүт азыктарын ташууга коюлган чектөөнү алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россельхознадзор Кыргыз Республикасынын балык жана сүт азыктарына коюлган чектөөнү алды. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинин маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, 20-июнда Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын директору менен Россия Федерациясынын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Россельхознадзор) жетекчиси онлайн форматта талкуу өткөрүштү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Россельхознадзордун жетекчисине Ветеринардык кызмат тарабынан Кыргызстандагы балыкты кайра иштетүүчү жана сүт ишканаларына карата Евразия экономикалык биримдигинин ветеринардык-санитардык талаптарын бузууларын жоюу боюнча зарыл иш-чаралардын комплекси жөнүндө маалымат берилди.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде:

  • Россельхознадзор Кыргыз Республикасынын "Нурагрорыбпром", "Дары Природы" балык иштетүүчү ишканаларынан "күчөтүлгөн лабораториялык көзөмөл" статусу менен мурда коюлган убактылуу чектөөлөр алынды.
  • Ошондой эле "Ак-Булак Плюс", "Ак-Жалга", "Жайыл Милк" жана "Ала-Тоо сүт" сүт ишканаларынан "күчөтүлгөн лабораториялык көзөмөл" макамы менен мурда коюлган убактылуу чектөөлөр алынат.
  • Россельхознадзор Кыргыз Республикасынын аталган ишканаларынан балык жана сүт азыктарын Россия Федерациясынын аймагына жеткирүүнү жандандырууну чечти.

Ветеринардык кызмат Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын жогорулатуу жана Евразия экономикалык бирлигинин ишканаларынын реестрине ата мекендик жаңы ишканаларды киргизүү боюнча зарыл иштерди туруктуу режимде жүргүзүүдө.

Белгилесек, Россельхознадзор 21-апрелден тарта Кыргызстандын бардык ишканаларында өндүрүлгөн сүт азыктарын Россияга ташууга тыюу салган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13023