Кадырбеков: "Мадумаров менен көз карашым дал келбейт, бирок ага иш козгоого каршымын"
RU

Кадырбеков: "Мадумаров менен көз карашым дал келбейт, бирок ага иш козгоого каршымын"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кеңештин жалпы жыыйыныда башкы прокурор тарабынан сунушталган депутат Адахан Мадумаровго карата иш козгоо маселесин жабык эшик артында талкуулоо чечими кабыл алынды.

Буга чейин түзүлгөн комиссиянын иши, алардын чечими менен калган депутаттар жабык эшик аркасында талкуулап, соңунда Адахан Мадумаровго иш козгоо сунушун эл өкулдөрүнүн көпчүлүк бөлүгү колдоду.

Бул сунушка каршы 17 депутат добуш берген. Алардын бири "Ыйман нуру" партиясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков болду.

Ал kaktus.kg редакциясына Адахан Мадумаров менен көз карашы көп учурда дал келбей турганын айтып, бирок сунушка макул болбогонун билдирди.

Бул парламентаризмге болгон чоң сокку болду

"Мен сунушка каршы добуш бердим. Кеп Мадумаровго болгон мамилемде эмес. Көп жагынан көз караштарыбыз төп келбейт. Бирок бул парламентаризмге болгон чоң сокку болду", - деди ал.

Депутат Кадырбеков Мадумаровдун балким мыйзам бузуулары болгондур, бирок бул маселени бийлик азыр көтөрбөш керек эле деп эсептейт.

"Балким Мадумаровдун кандайдыр бир мыйзамга туура келбеген аракеттери бардыр. Бирок бул ишти азыр кылбаш керек эле. Эки жыл бат эле өттү, эми үч жыл коё турса мандатынын мөөнөтү бүтмөк. Ошондо кылса болмок. Азыр эмне кылсаң деле эл саясатты көрөт.

Анын үстүнө бул кишинин позициясы белгилүү.

Саясий окуяларга карата көз карашын айтып турат. Көбүнчө оппозициялык маанайда. Бирок бүгүнкү чечим ынтымакты ыдырата турган көрүнүш болуп калды деп эсептейм", - деди Кадырбеков.

Кыргызстанда ар бир адам өзүнүн көз карашын айта ала турган бир гана расмий кызмат бар. Бул - Жогорку Кеңеш

Эл өкүлү Кадырбеков Кыргызстанда Жогорку Кеңеште эле ар бир адам өз көз карашын ачык айта аларын кошумчалады.

Бул жагдай көпчүлүк депутаттар үчүн чоң белги

Нуржигит Кадырбеков бул жагдай көп депутаттар үчүн чоң белги экенин айтып, окуя башка дагы депутаттарга "түз жүрбөсөңөр балким, башкачараак чаралар көрүлүп калышы мүмкүн" дегендей эскертүү деп эсептеди.

"Шлюз ачылып калды. Мадумаров менен көп көз карашым дал келбесе да, бул саясий жактан парламенттин имиджинин сакталышы жагынан чоң одоночулук болуп калды деп эсептейм.

Бирок ар кимдин өзүнүн эрки. Мен башка эч кандай комментарий бере албайм", - деп сөзүн жыйынтыктады эл өкүлү.

Эске салсак бүгүн, 22-июндагы Жогорку Кеңештин жабык жыйынында депутаттардын көпчүлүк бөлүгу Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин Адахан Мадумаровго карата иш козгоо сунушун колдоду.

Буга чейин Адахан Мадумаровго массалык баш аламандыкка жана бийликти күч менен басып алууга даярданган деген шек менен кылмыш ишин козгоо сунушу берилген.

Тагыраагы, унушта Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексиндеги 36-берене (Кылмышка даярдык көрүү), 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 1-бөлүгү, 326-берене (Бийликти күч менен басып алуу) 338-беренесинин (Бийликтен аша чабуу) 3-бөлүгү боюнча жоопко тартуу үчүн уруксат суралган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13048