Кемпир-Абад окуясы. Рита Карасартова менен Атай Бейшенбек үй камагына чыгарылды
RU

Кемпир-Абад окуясы. Рита Карасартова менен Атай Бейшенбек үй камагына чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетин түзгөн оппозициялык саясатчылардын, активисттердин жана журналисттердин кылмыш иши боюнча алдын ала соттук отурум уланды.

Кечээ, 22-июнда айыпталуучулар сот залында Кыргызстандын гимнин аткарып, судья Марат Сыдыков алардын 16сын тартипти бузгандыгы үчүн отурумдан четтеткенден кийин процесс кийинкиге жылдырылган.

Жыйын жабык өттү. Саат 17:30дар чамасында судья соттолуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын өтүнүчү боюнча чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетти. Андан чоң чечим чыкты.

Судья Атай Бейшенбек менен Рита Карасартованын баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүүнү жарыялады.

Калгандары боюнча чечим дүйшөмбү күнү, 26-июнда болжолдуу түрдө кабыл алынат.

Эске салсак, 2022-жылдын 23-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетин түзгөн оппозициялык саясатчылардын, активисттердин жана журналисттердин үйлөрүндө укук коргоо органдары тарабынан тинтүү жүргүзүлүп, массалык баш аламандыкка даярданган деген айып менен бир нече адам кармалган.

Бардыгы болуп 27 адам кармалган.

Активисттер, саясатчылардын массалык кармалышы (57 статей)
Кемпир-Абад боюнча айыпталуучулардын камактагы мөөнөтү узартылды
30 Ноябрь 2023, 09:17
Вашингтондо кыргызстандыктар элчиликтин алдына митингге чыгышты. Сүрөт
26 Октябрь 2023, 09:48
Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын үчөө үй камагына чыкты
28 Август 2023, 13:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13062