Аскар Акаев Кыргызстанга качан кайтууну пландап жатканын билдирди
RU

Аскар Акаев Кыргызстанга качан кайтууну пландап жатканын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев пенсияга чыкканда мекенине кайтууну пландап жатканын, бирок жакынкы келечекте Москва мамлекеттик университетинде (МГУ) ишин улантарын айтты. Бул тууралуу ал Екатеринбургдагы Урал мамлекеттик экономика университетиндеги лекциясынан кийин ТАСС агенттигине билдирген.

Андагы маалыматта Акаев мекенине кайтып келүү мүмкүнчүлүгү тууралуу "пенсияга чыкканда" деген.

"Азырынча ал-күчүм бар экенин сезип жатам, Москва мамлекеттик университетинде иштөөнү улантам", - деп айткан.

Белгилесек, май айында Аскар Акаев Кыргызстанга келген. Ал айрым жогорку окуу жайларда лекция окуй турганы коомчулукта нааразычылык жаратып, кийин билим берүү министри лекциялар өтпөй турганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13128