Асман шаары кандай болот? Инвесторлор презентациялары менен тааныштырды
RU

Асман шаары кандай болот? Инвесторлор презентациялары менен тааныштырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусундагы Асман шаарынын курулушуна салтанаттуу түрдө старт берди. Иш-чарада долбоорду ишке ашырууга катышкан инвесторлор презентациялары менен чыгып сүйлөштү. Алар жаңы шаарда курула турган объектилер тууралуу кеңири айтып берип, курулушка дүйнөдөгү эң мыкты жана алдыңкы адистер тартыларын белгилешти.

Президенттин администрациясынан билдиришкендей, чет элдик инвесторлор:

  • Түркия;
  • Индия;
  • Бириккен Араб Эмираттары;
  • Катардан келген ири компаниялардын өкүлдөрү.

Бул компаниялар келечек шаарларын жана эко-шаарларды, IT-өнөр жайын, ири аэропортторду, мейманканалар, гольф-клубдар, тематикалык парктар, музейлер жана киноиндустриясын куруу, туризм тармагын өнүктүрүү боюнча адистешкен.

Асман шаары акылдуу, коммерциялык, спорттук жана көңүл ачуучу борборлор жайгашкан төрт зонага бөлүнөт.

500-700 миң тургунга эсептелген шаар 7-10 жылдын ичинде Арабиядагы Неом, Эмираттардагы Маздар-Сити, Швециядагы Вестерн Харбор, Кытайдагы Күнөстүү өрөөн сыяктуу ийгиликтүү долбоорлорго окшош болуп курулат.

Мамлекет башчысы бул долбоорго акчасын салган инвесторлорду мамлекет өзгөчө коргоого алат деп ишенимдүү кепилдик берип, башка инвесторлорду да бул долбоорго катышууга чакырды. Инвесторлордун ишине кийлигишпөө кепилдиги жана толук мамлекеттик кепилдик берилет, долбоорду ишке ашырууда эч кимге тоскоолдук кылууга жол берилбейт.

Президент кокус инвесторлорго карата чекилик иштердин чети эле билинсе, мыйзамсыз иш-аракеттерге баргандар катуу жазаланарын өзгөчө белгилеп өттү.

Мамлекет башчы башка региондорго үлгү боло турган, келечекте таза табиятын сактоого салым кошуучу бул дымактуу долбоорго катышуу чечимин кабыл алган бардык өнөктөштөрдү жана инвесторлорду белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.

Андан кийин Садыр Жапаров заманбап Асман эко шаары курулуп баштала турган жерге мезгил кутусун салды.

Иш-чара майрамдык концерт менен уланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13172