Президенттин иш башкармалыгы Mega компаниясы сатылбай турганын билдирди
RU

Президенттин иш башкармалыгы Mega компаниясы сатылбай турганын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Альфа Телеком" (Mega) компаниясы сатылбайт, болгону Өнүктүрүү банкынын карамагына өтөт. Мындай билдирүүнү президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал белгилегендей, мамлекеттин мүлкү – элдин кызыкчылыгына иштейт.

"Mega компаниясы сатылбайт. Болгону Мамлекеттик мүлк фондунан Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын карамагына өттү. Муну менен тейлөө сапаты жакшырат. Өнүктүрүү банкы, "Мегаком" уюлдук оператору дагы мамлекеттик мекеме.

Бийлик качан жаңылат, качан чалынат деп күткөн тилеги жамандар бар. Ошолор "Мегакомду сатканы калды" деген ушак таратып жатышат. Mega компаниясы сатылбайт", - деп баса белгиледи.

Белгилесек, "Альфа Телеком" компаниясынын 100% мамлекеттик үлүшү электрондук аукцион аркылуу сатыкка коюлганы кабарланган. Кийин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев "Альфа Телеком" компаниясы боюнча мамлекеттин пландары өзгөрбөгөнүн, Өнүктүрүү банкы сатып алууну пландап жатканын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13245