Конституциялык сот матчество боюнча басма сөз катчынын пикири макулдашылбаганын айтты
RU

Конституциялык сот матчество боюнча басма сөз катчынын пикири макулдашылбаганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Конституциялык сот маалымат катчы Жылдыз Жороеванын матчество боюнча пикири аталган орган менен макулдашылбаганын билдирди. Мындай маалымат соттун расмий сайтында жарыяланды.

Анда Конституциялык соттун пресс-катчысы Жылдыз Жороеванын социалдык тармактагы баракчасындагы билдирүүсү анын жеке пикири экени айтылат.

Конституциялык соттун пресс-катчысы Жылдыз Жороеванын социалдык тармактагы жеке билдирүүсү Конституциялык сот менен макулдашылган эмес, андыктан ал Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий позициясы катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.

"Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" мыйзамдын 5-беренесине ылайык, Конституциялык сот тогуз судьядан: төрагадан, төраганын орун басарынан жана жети судьядан турат. Конституциялык сот коллегиалдуу орган болуп саналат, анын позициясын соттун төрагасы же анын тапшырмасы боюнча судьялардын бири гана билдире алат", - деп кошумчалашты мекемеден.

Эске салсак, 2-июлда активист Алтын Капалова Конституциялык сот балдар 16 жашка чыккандан кийин паспортуна атасынын ысымынын ордуна энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарганын билдирген. Бул коомдо чуулу талкууну жаратып, көбү каршы пикирин айтышкан.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жарандык пикирин айтып, каршы экенин билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13397