Алмаз Мамбетов Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун жетектеди
RU

Алмаз Мамбетов Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун жетектеди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алмаз Мамбетов Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп дайындалды. Тийешелүү буйрукка 6-июлда Акылбек Жапаров кол койгонун Азамат Абсатаров Facebookка жазды.

Аталган фондду түзүү жөнүндө макулдашууга Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин 2022-жылдын 11-12-октябрында Кыргыз Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

Фонддун максаты - Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, өнөр жайды модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты натыйжалуу пайдалануу жана жогорулатуу.

Кол коюлган келишимге ылайык, фонд Кыргыз Республикасынын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы өзүн-өзү актаган долбоорлорду агро өнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль өнөр жайы, кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт, турак жай курулушу, соода, энергетика комплекси, инфраструктураны өнүктүрүү, туризм жана башка тоо-кен металлургия өнөр жайы сыяктуу тармактарда кредиттерди берүү аркылуу каржылоону ишке ашырат.

Белгилесек, Алмаз Мамбетов 2022-жылы ноябрда Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13445