Президент коррупцияга шектелген иниси Улан Жапаров боюнча үн катты
RU

Президент коррупцияга шектелген иниси Улан Жапаров боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелип кармалган иниси Улан Жапаров боюнча комментарий берди. Ал "Кабар" маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде баарына бирде мамиле жасала турганын айтты.

"Азыр заман башка. Баарына бирдей мамиле. Коррупцияга аралаштыңбы мейли ким болбо камаласың. Мамлекетке канча чыгым келтирсең эки эселеп төлөйсүң, анан чыгасың. Төлөбөсөң жата бересиң.

"Менин иним эле" деп камабай койсом башка инилерим да аралаша баштайт да. Кыргызда жакшы сөз бар: "Бирге жаза, миңге сабак",- деген. Мына менин комментарийим", - деди ал.

Белгилесек, 6-июлда президенттин аталаш иниси Улан Жапаровдун кармалганы маалым болгон.

Ал ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз иште тиешеси болгон деп шектелип ИИМ тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-июлга чейин камакка алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13592