Садыр Жапаров Кутманованын баласынын уурдалышы боюнча: Өздөрү уюштуруптур
RU

Садыр Жапаров Кутманованын баласынын уурдалышы боюнча: Өздөрү уюштуруптур

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК мурдагы министр Динара Кутманова тушунда кызматта тургандардын бир катарына, анын жакындарына кылмыш иши козголуп, кармалганын маалымдаган. Андан кийин Кутманова "Баламды бандиттер уурдап кетишти, акча талап кылып жатышат" деп айтып чыккан. Бул иш боюнча Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде комментарий берди.

Баласын эч ким уурдап кетпептир. Мага да Динара айым ыйлап кайрылганынан чындап эле ишенип алыптырмын.

"Дароо министрге чалдым. Чалсам "спектакль уюштуруп жатышыптыр" дейт. Көрсө, жоопкерчиликтен качуу үчүн өздөрү уюштуруп коюшуптур. Түркияда кармалып турат. Жакында депортация болуп келет.

Кумтөр маселесинде колдоду эле деп кантип жоопкерчиликтен четтетип коёбуз? Мага жеткен маалыматтар боюнча, "Кумтөрдөн жаратылышты жашылдандырууга деп бөлүнгөн акчаларды жеп коюптур" деп жатышат. Бир тууган сиңдиси дароо баарын ачык айтып чыкты. Кайсы акчалар каякка кеткен, кимиси канча акча алган жана башка баарын айтып көрсөтмө берди. Эми баласы келсе ал да сурак берет. Тергөө көрсөтөт. Таза болсо акталышат. Жеп койгон болсо төлөшөт. Коомчулукка баары ачык болот", - деди президент.

Эске салсак, буга чейин УКМК Жаратылыш ресурстар министрлигиндеги коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн версиясы боюнча, министрликтин жана Жаратылышты өнүктүрүү фонддун жогорку кызматтагы адамдары өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөн долбоорлорго лобби жүргүзүшкөн.

Коопсуздук комитеттин версиясы боюнча, Динара Кутманованын жакындарыанын ичинде уулу Кемелбек Кутманов Жаратылыш ресурстар министрлигиндеги коррупциялык схемаларга аралашкан.

Кийинчерээк экс-министр Түркиядан баласын уурдап кетишкенин айтып, укук коргоочулар унчукпай жатканын билдирген. ИИМ маалыматты текшерип, Кемелбек Кутмановдун уурдалбаганын, аны Түркиядан депортациялоо иштери жүрүп жатканын маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13593